Жаңылыктар
Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Саламаттык сактоо министрлиги 43 мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өткөнүн билдирди. 

Жарандар ILab порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын онлайн ала алышат. Бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт. 

Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди. Ал үчүн кызмат алуучулар Калкты тейлөө борборлорунан электрондук санарип кол тамганы алышы шарт. 

Санариптик форматка өткөн лабораториялардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.