Жаңылыктар
Май айында Ысык-Көлдө эл аралык ири жарманке өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Май айында Ысык-Көлдө эл аралык ири жарманке өтөт

13-14-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. 

Иш-чаранын негизги максаты — туристтик уюмдардын ортосунда байланыш түзүү, Кыргызстандагы кызыктуу жерлерди, туристтик продукцияны пропагандалоо, конокторду этно-экотуризмдин кызматтары менен тааныштыруу. 

Көргөзмөгө туристтик агенттиктердин адистери, чет өлкөлүк инвесторлор, туризм индустриясынын эксперттери, пансионаттардын, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү жана журналисттер катышат.

Бул иш-чара 2016-жылдан бери туристтик көргөзмө катары өткөрүлүп келет. Көргөзмө негизинен үч бөлүктөн турат. Биринчиси — салтка айланган Шанхай Кызматташтык Уюмунун Run the Silk Road марафону. Ал 14-май күнү Чолпон-Ата ипподромунда өтөт. Жарышка 20дай өлкөдөн келген 3 миң спортчу катышат. Марафондун катышуучулары Чолпон-Ата шаарына 13-майда келишет.

Экинчиси — Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" борборундагы маданий иш-чаралар. Анда туристтик компаниялардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана туризм тармагында иштеген башка уюмдардын товарлары жана кызматтары менен таанышса болот. Андан тышкары, ушул эле комплексте этнооюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана маданий программа уюштурулат.

Үчүнчүсү — ачык асман алдындагы көргөзмөлөр жана Ысык-Көл бизнес-форуму.

Көргөзмөнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, облус жетекчилиги жана Курорттор ассоциациясы уюштуруп жатат.