Жаңылыктар
Жыл башынан бери дыйкандарга 229 айыл чарба техникасы лизингге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери дыйкандарга 229 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Жыл башынан бери лизинг жолу аркылуу дыйкандарга 229 даана айыл чарба техникасы берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4005 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди.

Министрлер кабинетинин кабыл алган чечимдерине ылайык, техникаларды лизингке берүү мөөнөтү 10 жылга чейин жана үстөк пайызы жылына 6%.

Алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек. 

Ошондой эле лизинг алуучу тарабынан алынуучу техниканын наркынын 10 жана андан ашык пайызы биринчи салым катары төлөнсө, кошумча күрөөлүк мүлк коюлбайт жана кредитти төлөөнүн кепилдиги болуп лизинг предметинин өзү эсептелет. 

Лизингке берилип жаткан айыл чарба техникасын камсыздандыруу ыктыярдуу негизде, лизинг алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт.