Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Эдил Байсалов лабораторияларды, күнөсканаларды, бакчаны кыдырып, бакчаны мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырды. Учурда биздин аймакка гана тиешелүү өсүмдүктөр өскөн Ботаникалык бакчанын абалы кейиштүү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ботаникалык Горький жана Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан эки аймагы тең борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн табияттан ырахат алуучу жайга айланарын баса белгиледи.
«Маселе бакчаны мындан ары өнүктүрүү жана сактоо зарылчылыгында турат. Ботаникалык бактын илимий ишмердүүлүгү прикладдык мүнөздө болуп, борборлордо гана эмес, бүтүндөй республика боюнча жашылдандыруу процессине салым кошуусу маанилүү. Шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалы, “Зеленстрой” жоогазындарды дээрлик Голландиядан сатып алып, алып келет. Алардын мекени Ала-Тоонун тоолору. Албетте, биз борбор шаарды бир заматта жоогазын гүлдөрү менен камсыз кыла албайбыз, бирок бул процессти баштоого арзырлык. Башкаруучу идеялар керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү керек. Адам ресурстарынан жардам беребиз», - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ботаникалык бакты Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.
«Бул маселе талаштуу. Кандай болгон күндө да Ботаникалык бак иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугу жок толук кандуу илимий мекеме статусун сактап калат. Бак камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалабашы керек. Алардын максаты башка», - деди Эдил Байсалов.
Белгилей кетсек, Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген жана аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбордук Азиядагы эң ири ботаникалык бакчалардын бири.