Жаңылыктар
Кыргызстан электр энергиясын Афганистан менен Пакистан сыяктуу өлкөлөргө экспорт кылууну пландап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан электр энергиясын Афганистан менен Пакистан сыяктуу өлкөлөргө экспорт кылууну пландап жатат

Кыргызстан 2024-жылы электр энергиясын Афганистан менен Пакистан сыяктуу өлкөлөргө экспорт кылууну пландап жатат. Бирок бул максат КАСА-1000 долбоору канчалык ийгилик менен ишке ашарына көз каранды. Азыр бул багыттагы иштер алдын ала такталган план боюнча аткарылууда. Быйылкы жылы жалпы узундугу 455 чакырымга созулган электр чубалгылары орнотулат. Мындай ири эл аралык долбоордун келечеги кандай жана качан бүтөрү пландалууда.

Бул электрстанциялары менен электр чубалгыларынын макетин политехникалык окуу жайдын 3-курсундагы студенттер жасашкан. Окутуу учурунда Асхат Асан уулу практика көбүрөөк көңүл бурат. Анткени практика чыныгы кесипкөйлөрдүн өстүрүп чыгарат. Бүгүнкү күнү ушинтип иш жүзүндө такшалып КАСА-1000 сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жаткан бүтүрүүчүлөр аз эмес.