1-июндан тартып балдарга жөлөкпулду, жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүү жагы каралууда. Ал эми пенсия октябрь айында жогорулатылат. Бул багытта Министрлер Кабинети ыкчам чараларды көрүп жатат. Ал эми 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга быйылкы жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сом бөлүндү.
Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта 50дөн 100 пайызга чейин көтөрүлдү. Өлкө боюнча 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулатылды. Бул максатка кошумча 26 млрд сом бөлүндү.