Каржы министрлиги социалдык тармактын айлыгын жогорулатуу үчүн бул айда 6 миллиард сомдон ашуун каражат бөлдү. Буга чейин бул сумма 2 эсе аз болчу. Алсак, апрелден баштап мектеп мугалимдеринин маянасы 80, ЖОЖдордун окутуучуларына 50 пайыз көтөрүлгөн. Дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин маянасы да эки эсе жогорулады.
Тахмина Койчубаева №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 жылдан бери эмгектенет. Башында 7-8 миң сомдун тегерегинде айлык алса, учурда маянасы 17-20 мин сомдой. Апрелден тарта айлык акысы дагы жогорулады. Бул ишке чоң күч берип жатканын айтууда.
Ак халатчандардын айлык акысы акыркы 10-жылдан бери бир дагы ирет көтөрүлбөптүр. Былтыр медицина кызматкерлеринин айлыгы эки баскыч менен жогорулаган. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин, ал эми былтыр июлдан баштап жалпы медициналык кызматкерлердин маянасы көбөйгөн.