Бишкекте 15 мектеп, 1 бала бакчанын курулушу башталып, басымдуусунда иш кызуу жүрүп жатат. Баары 15-сентябрда пайдаланууга берилиши керек. Бул билим уялардын курулушу Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болот. Иштин сапатын тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турат. Себеби, социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири.
Быйыл Алтын-Ордо конушундагы окуучулар азыркыдай башка жактарга барып окубайт. Былтыр башталган 3 кабаттуу мектептин курулушу жаз келери менен улантылууда. Башынан бери ушул жерде иштеген Данияр Чекиров билим уянын 60 пайызы салынып бүткөнүн айтат. Азыр 35 куруучу биринчи блоктун үчүнчү кабатын көтөрүп, үчүнчү блоктун дубалын тургузушууда.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров жаңы конуштарда мектептер жок экенин айтып, дароо 15 мектеп, 1 бала бакча салуу чечимин кабыл алган. Бул объекттердин баасы, сапаты көзөмөлдө болот.