Жаңылыктар
Ошто контрабанда жолу менен сары түстөгү металдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто контрабанда жолу менен сары түстөгү металдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

УКМК кызматкерлери жана Манас эл аралык аэрапортунун Ош филиалынын текшерүү кызматынын кызматкерлери, Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында аэропрттун чыгуу залында сары түстөгү металдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. 14-апрелде Ош аба майданынын чыгуучу залында Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда 4 Өзбекстандын жарандарынан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы болжол менен 2 кг түзөт.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн. Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.