Улуттук банк өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында акча которуулар системасы боюнча эрежелерге убактылуу өзгөртүү киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат.
Улуттук банк Кыргызстандын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча талаптарды белгилеген. Ага ылайык, акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот.
Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргызстандын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма түрүндө конвертацияланышы мүмкүн.