Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө каражат берет
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө каражат берет

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар каражат берет. Анын жарымы жардам иретинде, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, насыянын пайыздык чени 0, 75% түзөт. Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. 

Министрдин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, аймакты өнүктүрүү долбоору 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылат.