Кыргызстанга Өзбекстандан 5 миң тоннага жакын аммиак селитрасы алып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык корду түзүү максатында жасалып жаткан иштердин бири.
Анын ичинен Баткен облусуна 378 тонна, Жалал-Абад жана Ош облустарына 819 тоннадан, Ысык-Көл дубанына 682 тонна, Нарын облусуна 200 тонна, Чүй облусуна 1300 тонна жана Талас дубанына 779 тонна бөлүштүрүлдү.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу ташылып келинген минералдык жер семирткичтерге болгон баа Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилип, республиканын баардык аймактарында бир килосу 46 сом 70 тыйындан сатылууда.