75 жаш курагында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтажи Шабданова дүйнөдөн кайтты.
Шабданова Айтажи 1946-жылы 16-июнда Ош облусунун Араван районунда туулган. 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган.
Айтажи Шабданова жаш кезинен театрга кызыгып, 14 жашында С.М.Киров атындагы, азыркы Бабур театрында өз өнөрүн көрсөтүп баштаган.
Өз өмүрүн кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган Шабданова өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин театрда иштеп келген.
Анын өзбек, кыргыз, казак, тажик, азарбайжан, уйгур тилдеринде аткарган ырларын, жараткан образдары азырка чейин көрөрмандардын көз алдында.
Бабур театрынын сахнасында Султан Раевдин "Канышанын көз жашында" Курманжан Датканын, Жалил Садыковдун "Бабурунда" Биби Ханумдун, Чынгыз Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Толгонайдын, С. Абдулланын «Адалатында» Адалатты жана башка бир катар образдары жогорку чеберчиликте аткарган. Айтажи Шабданованын кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон эмгеги өз баасын алып, 1975-жылы Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, 1999-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган.