Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында бир жумада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында бир жумада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу аныкталды

Кыргызстандын аймагында бир жумада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат. 

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен, 3 миң 467си транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн, 131и транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн, 7 177си транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн. 

Ошондой эле транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 26, автоээнбаштык – 4, жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 812 айып салынган. 

Мындар сырткары, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, айдоочунун маңдайкы терезеси жана алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандар жана мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандар кармалган. 685 автоунаа унаа токтотуучу жайга токтотулган.