Бишкекте өткөн ишембиликке 13 миңден ашык адам катышты. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Өткөн ишемби күнү шаардын бардык булуң-бурчунда ишембилик өттү. Жалпы жонунан иш-чарага 470 уюмдан 13 миң 267 адам катышты. Таштандыларды чыгарууга 25 атайын техника тартылган.
Мындан сырткары, 1 миң 33 бак-дарактын көчөттөрү отургузулду.