Жаңылыктар
ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларды ысык тамак-аш менен камсыз кылды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларды ысык тамак-аш менен камсыз кылды

Кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” постуна, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 31 жана 33-чакырымдарына тамактануучу жайлары уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин кызматкерлери болжол менен 360 оор жүк ташуучу унаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берди. Ар бир чатыр ашканага керектүү жабдыктар менен жабдылган. 

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кыргыз-казак чек арасында күнү-түнү иш алып барууда.