Жаңылыктар
Бишкекте эки жума газ жок болот. Райондордун тизмеси
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эки жума газ жок болот. Райондордун тизмеси

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-22-апрелде жана 25-29-апрелде газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди. 

Бул күндөрү ишкананын бригадасы жер алдындагы газ өткөргүчтөрдөн газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерин жүргүзөт. 

Буга байланыштуу 18-апрелден 22-апрелге чейин — Толстой, Горький, Жукеев-Пудовкин, Ибраимов, Байтик баатыр көчөлөрүндө, "Автомаш Радиатор" ЖЧКда, Матросов, 1а дарегиндеги "Алькони" ЖЧКда, Матросов, 1в дарегиндеги "Санкейп" ЖЧКда, Жукеев-Пудовкин, 41 дарегиндеги "Байтур" ЖЧКда; 

25-апрелден 29-апрелге чейин — №1 Мамлекеттик резиденцияда, Орто-Сай жана Чоң-Арык айылдарында, "Bravo" коттедждик шаарында, Ала-Арча-1, 2 жана Совмин шаарчасында, Ынтымак конушунда газ жок болот. 

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.