Жаңылыктар
Кыргызстандыктар май айынын башталышында 9 күн катары менен эс алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар май айынын башталышында 9 күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар май айынын башталышында 9 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс алышат. Ал эми 30-апрелдеги дем алыш күнү 4-майдагы иш күнүнө, 14-майдагы дем алыш күнү 6-майдагы иш күнүнө которулат. 

Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.