Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген Masdar компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген Masdar компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген Masdar компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бакыт Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды. 

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган Masdar компаниясынын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даярдыгын билдирди.