"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жер тилкесине байланыштуу маселени саясатташтырып, коомчулукту чаташтыруунун кажети жок. Мындай билдирүү менен Улуттук "Манас" театрынын манасчылар жамааты чыгышты.
Алардын пикиринде комплекс бузулбайт, тескерисинче келечекте реконструкцияланып, көрктөндүрүлөт. Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей "Манас айылы" жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн гана алынып жатат.