Акы төлөп унаа айнегин караңгылатуу жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Азыр уруксат алуунун жол жобосун камтыган Министрлер Кабинетинин токтому даярдалууда. Ага ылайык физикалык жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң сом төлөп унаасынын айнегин караңгылатса болот. Алынган уруксат бир жылга гана жарактуу.
Кол коюлган мыйзамдын максаты - унаа ээлерине акы төлөнүүчү негизде транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин жана алдыңкы айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат берүү. Жол коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктын маалыматында бул уруксатты албай туруп эле унаасын караңгылатып жүргөндөр көп.