ИИМдин Республикалык окуу борборунда кайгуул милициясы жана кайгуул-күзөт кызматы багытында окуган 42 талапкер окууларын ийгиликтүү аякташты. Аларга окуу жайды аяктагандыгын тастыктаган күбөлүктөр тапшырылды.
Окуу борбордун начальнигинин буйругу менен окуу мөөнөтү ичинде ийгиликке жетишкен бир топ талапкерлерге "Алкыш" жарыяланды.
Ал эми Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында "Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери" аттуу тегерек столго катышкан кызматкерлерге ыраазычылык каттар жана ИИМдин Борбордук Аппаратында өткөн самбо күрөшү боюнча биринчилигинде ийгиликке жетишкен кызматкерлерге кубок, дипломдор тапшырылды.
Салтанат саптык жүрүш менен аяктады.