УКМК кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургунун радикалдык көз караштан баш тартууга жана тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынан чыгууга көндүрүштү.
Жаран 2014-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунун катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген.
Ал тандап алган диний багытын жаңылыш экенин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын “Йакын Инкар” кыймылынын мүчөлөрүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.