Москвада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-жыйыны өттү.
Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеп келди. Ал эми орус тараптан Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук төрагалык кылды.