Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту.
Жапаров белгилегендей, Кыргызстан достукка, ынак коңшулукка, жалпы саналган тарых, маданият, салтка, тилге жана рухий баалуулуктарга негизделген кыргыз-өзбек мамилесин мындан ары өнүктүрүүгө жана ар тараптуу чыңдоого умтулат.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында кыргыз тарап алгачкы этапта Кызыл-Кыя шаарында чектеш соода боюнча соода-логистикалык борборун куруу, аталган борборду «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен бириктирүүчү «Эркештам-Дароот-Коргон-Үч-Коргон» унаа жолун куруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштоодо.
Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков өз кезегинде өзбек тараптын эки өлкө ортосунда мурда жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар экендигин белгиледи. Ал Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долборун ишке ашыруу маселеси талкууланды.