Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-9-май күндөрүн эс алуу күнү деп табуу, ал эми 30-апрелдеги дем алыш күнүн 4-майдагы иш күнүнө, 14-майдагы дем алыш күнүн 6-майдагы иш күнүнө которуу сунушталды.
Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.
Министрлер Кабинети республика боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларды кабыл алууну жана аны иштеп чыгууну, аларды талдоо жана көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында бардык энергетикалык ишканалар үчүн бирдиктүү ишеним телефонун түзүү чечимин кабыл алды.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процессин тездетүүгө чакырды.