Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча коомчулукка кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча коомчулукка кайрылды

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик мөөнөтү бүткөнчө, чек ара маселесин чечүү ниети бар экенин дагы бир жолу белгиледи. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз эркиндигин шылтоо кылып, жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. Себеби, коңшу мамлекеттердин ортосундагы жаңжалда маалыматты каалагандай бурмалоо абалды ого бетер курчутууга себепкер.