Жаңылыктар
Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди

"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча Президенттин иш башкармалыгы билдирет.

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда. "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жер тилкеси Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" ишканасына таандык.

Комплекс жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштерин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен "Манас айылы" жана административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуш иштери маданий-этнографиялык комплекстин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Келечекте "Манас айылынын" аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.