Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды төлөнбөгөн айып пулдарды өз убагында төлөөгө чакырат. Кайгуул кызматы учурда рейд жүргүзүүдө.
"Азыркы убакта баарыбызга белгилүү болгондой, айдоочу жол эрежесин бузуу учурунда кызматкерлер тарабынан айдоочулук күбөлүгү алынбастан, ордунан протокол түзүү менен гана чектелип калган. Андыктак айдоочулар, айдоочулук күбөлүгум алынган жок деген ой менен жазылган протоколдордун айып пулдарын төлөбөстөн, кайрадан кайталанып жол эрежелерин бузуу фактылары көбөйүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол себептен, 11нен 25-апрелге чейин төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар айдоочуларга карата текшерүү чаралары өткөрүлүп, төлөбөгөн айдоочулардын унаалары убактылуу айып короо жайына токтотулууда.