17-апрелден тарта Бишкектин Интергельпо көчөсүнүн Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат.
Маалыматка ылайык, көчө Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында оңдолот.
Унаалардын өтүшү үчүн альтернативдик жолдор Пишпек жана Фучик көчөлөрү болот.
Бишкек мэриясы жарандардан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала мерчемдеп алууну суранат.