Жаңылыктар
Красноярсктан Бишкекке жаңы аба каттам ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Красноярсктан Бишкекке жаңы аба каттам ачылат

20-апрелден тарта Урал аба жолдору Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Рейс жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат.

Белгиленгендей, 10-апрелден тарта бул авиакомпания Иркутск-Бишкек-Екатеринбург каттамы боюнча уча баштаган. Рейс жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү ишке ашырылат.