Милициянын кайгуул кызматы менен Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын жетекчилиги жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору шаар аймагындагы окуучуларга өз өмүрлөрүн кыюуларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошону менен бирге өспүрүмдөргө мыйзамдуулукту, тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ’’Бул иш-чаралардын максаты коомдук коопсуздукту сактоо жана жол
кырсыктарын алдын алуу болуп саналат’’ - деп билдирет Ош ШИИБы Боюнча МККБнын басма сөз кызматы.