Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри жана ПРООНдун өкүлдөрү ар тараптуу кызматташууну талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын мэри жана ПРООНдун өкүлдөрү ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Швециянын эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетинин мүчөсү, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Президенти Маргарета Цедерфельд жана ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде миграция, жаштарды колдоо, билим берүү системасын өнүктүрүү, этностор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну жакшыртуу жана өнүктүрүү багытында иш алып баруу ойлорун билдиришти.