Жалал-Абад обласынын Үч-Терек айылындагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектептебинде окуучулардын тамак-ашын жергиликтүү таза жашылчалар менен толуктоо максатында пилоттук күнөскана долбоору ишке кирди.
Долбоор БУУ ДАТП жана Гуд Нейборс Интернешнл тарабынан демилгеленген. Программа өлкөнүн бардык аймагындагы башталгыч мектептердин бөлүмдүү тамактарды даярдоо жана тейлөө боюнча потенциалын бекемдөөгө багытталган.