Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара меселеси боюнча эки тараптуу жолугушуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек ара меселеси боюнча эки тараптуу жолугушуу жүрүп жатат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын чек ара меселеси боюнча эки тараптуу жолугушуусу өтүп жатат. 

Кечээ, түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин "Кулунду" жана "Овчи-Калча" көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери жолугушкан. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.