Кыргызстан Орусия менен Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна байланыштуу талаштуу маселени чечти.
Орусиянын "Русгидро" ишканасы тарабынан долбоорго салынган 37 миллион доллар кайтарылып берилет. Бул акчалар Алмазбек Атамбаевдин убагында ортодон желип, долбоор аягына чыкпай ара жолдо калган.
Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун эми Министрлер Кабинети колго алып, ылайыктуу инвестор издейт.