Жаңылыктар
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Токтогул районунун тургундары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолугуп, элдин көйгөйүн укту. 

Жарандар тарабынан сапаттуу медицина менен камсыздоо, айылдардагы таза жана сугат суу көйгөйүн чечүү, райондогу атайын эсептин каражатын максаттуу иштетүү маселелери көтөрүлдү. Район тургундары жеке маселеси боюнча ооз эки жана кат түрүндү кайрылышты.