Кыргызстанда жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алып, мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү маселеси өзгөчө талылуу көйгөйлөрдүн бири болуп келет.
Байкоочулар мыйзамсыз курулуштар коррупциялык кыңыр иштердин кейиштүү натыйжасы деп белгилешет. Дал ушундай жагдайларды болтурбоо жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка Мамлекет башчысы кол койду.