Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угууда.
Жыйынга райондун айыл аймактарынан 250гө жакын тургундар катышып, жер, таза жана сугат суусу, жол, бал аарычылыкты өнүктүрүүдө жеңилдетилген насыялардын жетиштүүлүгү, аймактагы социалдык жана жеке маселелер менен кайрылышууда.
Облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев ар бир көтөрүлгөн маселенин чечилүүсү боюнча максималдуу иш аракеттер көрүлөөрүн айтып, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берүүдө.
Жолугушуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.