Жаңылыктар
Эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы 23-апрелде башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы 23-апрелде башталат

Эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы 23-апрелде башталып 2-майда аяктайт. Каттоо бул ирет өлкөнүн алыскы аймактарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. 

Анын айтымында республикалык комиссиянын чечимине ылайык биринчи этапта каттоого алынбагандар экинчи баскычта эсепке алынат. 

Ушу тапта комитет каттоочулардын маянасын чегерүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат. 

Каттоонун жүрүшүндө элдин билим деңгээли, өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалыматтар алынууда.