Жаңылыктар
Балыкчы: Президенттин өкүлү эл мүдөөсүн жеринде угууда
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы: Президенттин өкүлү эл мүдөөсүн жеринде угууда

Балыкчы шаарында Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. 

Анда көбүнчө социалдык маанидеги маселелер козголуп, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана ведомстволор менен шаар мэриясынын өкүлдөрү жооп берүүдө. Шаар тургундарын турак жай салуу үчүн жер тилкелеринин берилбей жатышы, менчиктелип бирок иштебей турган мекеме, ишканалар кызыктырууда. 

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарында союз мезгилинде 138 ар кандай маанидеги өндүрүштүк, жүк тартуучу автобазалар иштеп келген. Алардын басымдуу бөлүгү жеке менчикке өтүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин иштебей турганы айтылды. 

Ошондой эле, шаардагы автобекет, кемечилик ишканаларынын токтоп турганы көйгөй жаратып келүүдө. Жолугушууга келген Алтынбек Сулаймановдун билдирүүсүндө ар бир маселе жеринде жазылып алынып, тийиштүү ведомстволор жооп берет. 

Мындан сырткары, шаардагы Крупская атындагы орто мектептин ремонту, компьютердик класстын жоктугу айтылды.