Жаңылыктар
Нарын: Президенттин өкүлү эл менен жолугушууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Президенттин өкүлү эл менен жолугушууда

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев дубан эли менен жолугушууну Кочкор районунан баштады. 

Жыйынга 34 айылдын өкүлдөрү келген, кеңеш жигердүү башталды. Ар биринин өзүнчө даярдап келген сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү бар. 

Өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде өтүп жаткан жолугушуудагы айтылган элдин үнү жеринде угулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Анын жыйынтыгы Президенттин Администрациясынын кароосуна жөнөтүлөт. 

Мындай жыйын облустун төрт районунда тең өтөөрү пландалган.