Жаңылыктар
Зиядин Жамалдиновдун эл менен жолугушуусу Кара-Кулжа районунда башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Зиядин Жамалдиновдун эл менен жолугушуусу Кара-Кулжа районунда башталды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун эл менен жолугушуусу Кара-Кулжа районунда башталды. 

Жыйын Рыспай Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө өтүп жатат. Ага райондун 12 айыл аймагынын жашоочулары келген. Бул жолку жыйынга элдин агымы көп экени байкалды. 

Облус башчысы, мамлекет тарабынан калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган иштер тууралуу маалымат берди. Жыйын баштагылардан ачык-айкындуулугу менен айырмаланып өтүүдө. 

Жыйындар Президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийлик тарабынан жарандар менен жолугушууларды өткөрүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашууда. 

Жергиликтүү жашоочулардын суроо-сунуштарына облус башчы тийиштүү кызматтардын жетекчилери менен жеринде жооп берип, чечим чыгарат. 

Эл менен жолугушуу бүгүн түштөн кийинки саат 2 де, Өзгөн районунун тургундары менен райондук администрациянын жыйындар залында уланат.