Жаңылыктар
"Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында Нарын шаарында жаңы сейил бак пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
"Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында Нарын шаарында жаңы сейил бак пайда болду

Нарын шаарынын "64" аймагындагы Нарын суусунун жээгине 200гө жакын көк карагайдын көчөттөрү отургузулуп, жаңы сейил бак пайда болду. Бул "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында ишке ашты. 

Аймак буга чейин таштандыга топтолуп, каралбаган жер болчу. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев өткөн жумада аянтты сейил бакка айландыруу демилгесин көтөрүп, шаар мэрине жерди түздөп, бактын дүмүрлөрүн, таштандыларды тазалоо тапшырмасын берген. 

Учурда 60 сотых аянтты ээлеген аймакка жалаң 1,5 метрлик көчөттөр отургузулду. Ыйгарым укуктуу өкүл үй-бүлөсүнүн атынан 3 көчөт тиксе, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты 11 көчөт алып беришти. 

Ошондой эле бардык мекеме-уюмдар "бир адамдан бир көчөт" ураанынын алдында өздөрүнүн жеке каражатынан көчөт алып, шаарды көрктөндүрүү ишине салым кошушту. 

Жакында Нарын шаардык мэриясы тарабынан сейил бактын айланасы тосулат. Көчөттөрдү багып, өстүрүү ишин Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасы жүргүзөт.