Кыргызстандын аймагында акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарын жана жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Акыркы жумада белгиленген ылдамдыктан ашкандыгы үчүн 3 399 айдоочу, тиешелүү документи жок унаа башкаргандыгы үчүн 160 айдоочу, эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 927 айдоочу кармалып, айыпка тартылды.
Тиешелүү органдар тарабынан транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбагандыгы үчүн 15, ээнбаштык боюнча 5, жөө жүрүүчүлөрдү өткөрбөй койгон үчүн 949, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 6404, унаа терезелерин караңгылатып алган үчүн 46, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 92 айдоочу кармалды. 688 унаа токтотуучу жайга коюлду.