Бүгүндөн тартып балдарды 1-класска кабыл алуу башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык тутуму аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 11-апрелден 27-июнга чейин катталган жери боюнча өтөт. Экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин учурда жашап жаткан жери боюнча жүргүзүлөт.
Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтар ырааты менен толтурулууга тийиш: баланын жана ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн аты-жөнү, паспорттук маалыматтары, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери, жеке идентификациялык номери, уюлдук байланыш телефону, негизги электрондук почтасы, кошумча электрондук почтасы, үй-бүлөгө жеңилдик бар же жок экендиги жазылып, тиешелүү документтер тиркелет жана мектепти, каалаган окуу тилин тандоо зарыл.
Биринчи этапта ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт. Экинчи этапта арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.
Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат. Арыз тастыкталгандан кийин, электрондук почтаңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.