Жаңылыктар
Айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 10-апрелде Кыргызстандын айрым шаарларында жана айылдарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылында жана Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат.Алар: Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт, Тоң районунун Кажы-Сай, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо, Ат-Башы районунун Казыбек, Араван районунун С. Юсупов, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештери. 13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы. Ага 515 талапкер ат салышууда, алардын 170и аялдар.