Камбар-Ата 1 ГЭСнин биринчи агрегаты 3-5 жылдын ичинде ишке киргизилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн эл аралык энергетикалык форумда билдирди.
Себеби өлкөдө жыл өткөн сайын электр энергияны керектөөнүн көлөмү өсүп жатат. Бул максатта Министрлер Кабинети тиешелүү чараларды көрүүдө.
Биринчи кезекте Коопсуздук кеңешинин чечими менен энергетикалык компанияларды ирилештирүү боюнча жумуштар башталды. Алардын карыздарын реструктуризациялоо, ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат.
Электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун жогорулатуу жана көмүртектин нейтралдуулугу боюнча максаттарга жетишүү үчүн да кошумча кадамдар жасалууда.
Жакынкы арада эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушу башталат.