Талантбек Иманов кореялык COMSCO корпорациясынын башкы директору Джанг Шик Бан менен жолугушканда айтылды. Компаниянын өкүлдөрү электрондук өкмөт тармагындагы кызматташуу боюнча баяндама жасады.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик менен COMSCO ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Ошондой эле бирдиктүү улуттук санарип иденттүүлүк платформасын – Mobile ID түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Блокчейн платформасына негизделген мобилдик ID жарандарга онлайн жана оффлайн режиминде өзүн толук идентификациялоого жана аутентификациялоого, зарыл болгон учурда идентификациялык документтерди көрсөтүүгө мүмкүндүк берери айтылды.
"Бул мамлекеттик органдар жана жеке коммерциялык уюмдар менен байланышсыз өз ара иштешүү – транзакцияларды ырастоо жана документтерге санариптик кол коюу. Түштүк кореялыктар белгилегендей, бул өлкөнүн санариптик трансформациясын тездетүүнүн эң кыска жолу болушу мүмкүн", — дейт министрлик.
Бул иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджае тарабынан март айында министр Талантбек Иманов менен жолугушууда демилгеленгени кошумчаланды.