Эсептик ченди жогорулатуу менен сомдук депозиттердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
10-мартта Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген акчанын пайызы 10дон 14 пайызга чейин жогорулады. Инфляцияны ооздуктоо үчүн чени көтөрүлөт, бирок ошол эле учурда экономикалык активдүүлүк төмөндөйт. Анткени насыянын пайызы өсөт. Бул учурда аманат акча дагы жогорулайт. Өткөн жылдын апрелинен тарта карасак, эсептик ставка эки эсеге — 6,5 пайыздан 14 пайызга чейин жогорулаган.
Башкы банк эсептик чендин жардамы менен рыноктук чендерге таасирин тийгизип, сактык же керектөө үчүн белгилүү бир шарттарды түзүп жатканын белгиледи.
Эсептик ченге басым жасоо менен банктар кийинчерээк калк жана экономикалык агенттер үчүн депозиттердин наркын жөнгө салышат. Эсептик ченди көтөрүү менен Улуттук банк аманат акчанын сомдук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, муну менен калкты акчасын улуттук валютада сактоого түрткү берип жатат. Азыркы шартта мындай аракеттер олку-солкулукту азайтууга жана валюта рыногунда туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бир катар банктарында насыя боюнча да, депозиттер боюнча да тарифтер өсө баштады.